АКШнын Флорида штатынын жээктеринде балык уулап жүргөн балыкчылар чоң групер балыгына жем болгон акуланы видеого тартып алып, YouTube каналана жарыялашты.
Балыкчылардын кайырмагына анча чоң эмес акула түшүп, аны кайыкты көздөй тартып жатышканда капысынан чоң гупер балыгы пайда болуп, акуланы тиштеп тереңдикке кеткен.
Күбөлөрдүн бири Newsweek басылмасына балык менен 10 мүнөттөй алышып, аягында кайырмакты коё беришкенин айтып берген.
Балыкчылар билдиргендей, чоң групер балыгынын салмагы 220 килограммга жетет.