Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Эртең Кыргызстандын аймагында ысык 36 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй жана Талас облусунда абанын температурасы +24…+29 градус болот. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ысыктын күчү 21…36ге жетет. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында термометр +24…+29 градусту көрсөтөөрү айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы борбор калаада +26…+28, Ошто +34…+36 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0