Жаңы мэрдин убадасы: Ошто домофонсуз үй калбайт, мугалимдердин айлыгы көбөйөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшаИзбрание мэра города Ош
Избрание мэра города Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы шайланган мэр шаарга күчтүү мугалимдерди тартып алардын айлыгын жогорулатууну, көп кабаттуу үйлөрдүн ар бирине домофон орнотууну жана башканы коюп таза суу менен камсыздоону колго алууну убадалап жатат.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка кеткенден кийин анын ордуна ушул эле облустун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдү. Аны менен ат салышып эч ким чыккан жок.

Бүгүн, 18-июлда шаардык кеңештин депутаттары Сарыбашевдин талапкерлигин жактырып 44 добуш менен мэр кылып шайлады.

Ири калаага башчы болгон Сарыбашев эми шаарды кантип өнүктүрүп, кандай реформаларды жасай турганына кызыгып турасызбы? Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы мэрдин программасы менен тааныштырат.

1. Баарын токтотуп тургундарды таза суу менен камсыздайт

Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын атын өзгөртүү, ЖКны таратуу... Талапкерлердин программасындагы кызыктар
Шаардын эң негизги көйгөйү жана биздин эң башкы тапшырмабыз — шаар жашоочуларын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу деп билебиз. Биз аны чечүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшашыбыз керек. Жада калса башка капиталдык салымдарды токтото туруп болсо дагы ушул маселени чечүү үчүн бизде болгон бардык ички финансылык ресурстарды, республикалык бюджеттен, донорлордон келген гранттарды жумшашыбыз керек деп эсептейм.

2. Ошто домофонсуз үй калбайт

Көп кабаттуу үйлөрдүн турак жай-коммуналдык абалын жакшыртуу маселеси дагы биз үчүн приоритеттүү. Бул көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк методдорун колдонобуз. Жеке фирмаларды тартып, шаардагы бардык подъезддерге домофондорду орнотуу боюнча иш алып барылат. Ошондо подъезддердеги тазалык, тартип, жарыктандыруу маселеси дагы кошо чечиле баштайт.

3. Айланма жол курулуп унаа тыгындары жоюлат

Автожолдордун сапаты жана унаа тыгындары маселесин чечүүгө дагы олуттуу көңүл бурулат. Өкмөт менен биргеликте республикалык жана эл аралык трассалардын маршруттарын шаардан тышкары чыгаруу үчүн айланып өтмө жолдорун куруу маселесин чечишибиз керек. Ал эми ички жолдорду курууда биринчи кезекте сапатына көңүл бурулат. Мындан кийин ири маанилүү курулуштарды курууда дилетанттыкка жол бербей кесипкөй адистер менен биргелешип иштешебиз.

4. Жакпаса муниципалдык троллейбус, автобустардан баш тартат

Жүргүнчүлөрдү ташуу маселеси боюнча чет жакадагы шаарлардын тажрыйбасын изилдеп чыгабыз. Эгерде адистер туура деп тапса, муниципалдык автопарктан баш тартып, бул тармакты тейлөөнү жүргүнчүлөр үчүн эң ыңгайлуу жана сапаттуу шарттарды сунуштаган жеке компанияларга берүүнү карап чыгышыбыз керек. Эң негизгиси — экономикалык эффективдүүлүк жана жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыктары эске алынат.

5. Жергиликтүү бюджеттен мугалимдерге кошумча айлык төлөнөт

Портфельчен чиновник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аудитор ӨКМге, Оштун вице-мэри өкмөткө барат. Абулгазиев айланасына кимди чогултту?
Социалдык маселелерде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көп аракеттер жумшалат. Жалпы республикалык тестирлөө, олимпиадалардагы Ош шаарынын алгылыктуу эмес көрсөткүчтөрү жакшы жакка өзгөрүшү керек. Биз бул маселени чечүү үчүн мектептерге күчтүү мугалимдерди тартып, алардын айлыктарын жергиликтүү бюджеттен субсидиялоо маселесин карап чыгышыбыз керек. Ошондой эле балдар үчүн сабактан тышкары алектене турган илгеркидей инженердик, конструктордук ийиримдерди ачуу жагын колго алабыз.

6. Жеке бала бакча курууну каалагандарга көмөктөшүү

Мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздигине дагы өзгөчө көңүл бурулат. Бул тармакта азыр эки маселе бар: мамлекеттик бала бакчаларда орун жок, ал эми жеке бала бакчалар көбүн эсе талаптагы шарттарга жооп бербейт. Бул маселелерди чечүү үчүн бюджеттен бала бакчаларды курууну улантабыз, ал эми жеке бала бакчаларды курам дегендерге көмөк көрсөтөбүз жана алардын сапатына дагы көңүл бурабыз.

7. Ар бир көчөдө веложол пайда болот

Шаарда жаңы маданий объектилер курулуп эскилери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Парктар жана эс алуу жайлары жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолуп, андан тышкары кинотеатр, эс алуу зоналарын, жаш балдардын көңүл ачуучу борборлорун курам деген инвесторлорго көмөк көрсөтүлөт. Аны менен бирге Оштун эң негизги спорттук объектиси болгон борбордук стадионду реконструкциялоону планга киргизебиз. Мындан тышкары, шаардын ар бир кичи районунда көчө тренажерлорун орнотууну дагы пландайбыз. Велотранспортту жайылтуу максатында көчөлөр велосипед менен жүрүү үчүн ыңгайлаштырылат.

8. Орто жана чакан бизнести өнүктүрүү жолу

Мэр Бишкека Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Ибраимов шаардыктарга берген убадасын аткардыбы?
Эзелтен бери Ош шаары орто жана чакан бизнес өкүлдөрүнүн чордону болуп келген. Дээрлик ар бир үйдүн алдында кичи набайкана, ашкана, устакана же дүкөн болгон. Бул тармак бүгүнкү күндө дагы элди жумуш менен камсыз кылуучу жана шаар казынасына олуттуу киреше алып келген эң маанилүү тармак. Аны колдоп, бардык ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек.

Ош дубаны – агрардык аймак, биздин тегерегибиздеги райондордо айыл чарба продукциясынын көптөгөн түрлөрү чыгат. Биз ошолорду өндүрүп кайра иштете турган ишканаларды көбөйтүүнү колго алабыз. Ал үчүн шаарыбызга жакын Кең-Сай массивинде жер бөлүнүп, өндүрүшкө керектүү шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

9. Туристтерди кызыктыруучу жайларды колго алуу

Бизде туризмди өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар: байыркы шаар, тарыхый жана табигый кызыктуу жайлар. Сулайман-Тоо Борбор Азия эли үчүн ыйык жерлердин бири. Бул — зыяраттык туризмди өнүктүрүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Мындан тышкары, биздин тамактануучу жайларыбыз, арзан базар-дүкөндөрүбүз гастраномиялык жана шопинг туризмди өнүктүрүү үчүн шарт түзөт. Дагы бир багыт — бул билим берүү туризми. Учурда Оштун жогорку окуу жайларына Индия, Пакистан, Бангладеш өлкөлөрүнөн келген студенттер көп экени белгилүү. Биз бул мүмкүнчүлүктү дагы пайдаланышыбыз керек.

10. Ишкерлерге шарт түзүп, алардан көп салык чогултуу

Ишкерлердин активдүүлүгүн күчөтүп, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен биргеликте салык жана жыйымдарды администрациялоону жакшыртууну колго алышыбыз керек. Ал үчүн көмүскө экономика менен күрөшүү, экономикалык субъектилердин бекитилген кирешелерин аныктоо, шаардын бардык муниципалдык ишканаларынын натыйжалуулугун жана кирешелүүлүгүн жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0