Футбол: экинчи жарым финалдык оюн түн ичинде өтөт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Швеция - Англия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Швеция - Англия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англия — Хорватия беттешинин жеңүүчүсү Франциянын командасы менен күч сынашат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында Англия менен Хорватия беттешет.

Оюн Бишкек убактысы менен түнкү саат 12.00дө башталып, Москва шаарында "Лужники" стадионунда өтөт.

Кечээ түнү биринчи жарым финалдык беттеш өтүп, Франция 1:0 эсебинде Бельгияны утуп алган..

Англия Швеция командасын 2:0 эсеби менен утуп, жарым финалга чыкса, Хорватиянын футболчулары Россияны (2:2) пенальтинин негизинде 4:3 эсеби менен жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0