Энесин атып алган милиционер, тонолгон финполчулар... 90-жылдардагы кылмыштар

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник милиции выстрелил в 15-летнего подростка в Бишкеке
Сотрудник милиции выстрелил в 15-летнего подростка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда июль айында чыккан гезиттерди барактап, ошол кездеги чуулгандуу окуяларды тизмектейт.

Бул ирет Бишкектеги атышуу, чет элдик туристти тоногон милиционер менен каракталган финполчулардын окуясы сунушталат.

Энесин өлтүргөн милиционер. Укук коргоо органында иштеген жаш жигит тапанчасында огунун бар-жогун текшерип жатып, балконду көздөй атып жиберген. Ок терезенин жанында турган апасына тийип, аял ошол жерден көз жумган. Милиционер каргашадан кийин кесиптештерин үйүнө чакырып, 50 жаштагы апасы өзүн-өзү аткандыгын кабарлаган. Бирок иликтөө жүрүп соттук-медициналык экспертизанын адистери маркумду бирөө алыстан аткандыгын тактаган. 

© Sputnik / Мирбек СакеновЭнесин өлтүргөн милиционер
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Энесин өлтүргөн милиционер

Тонолгон финполчулар. Эки кылмышкер Экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгына түн ортосунда кирип сейфти талкалап, ири көлөмдөгү акча уурдап кеткен. Укук коргоо органдары шектүүлөрдү үч күн ичинде колго түшүргөн. Алар буга чейин финполчуларга чоң айыпка жыгылган ишкерлер болуп чыккан. 

© Sputnik / Мирбек СакеновТонолгон финполчулар
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Тонолгон финполчулар

Туристти тоногон милиционер. Кыргызстанга Якутиядан эс алганы келген жаранды милиционерлер автобекеттен тоноп кеткен. Чет элдиктин жаңы келгенин байкаган күч түзүмдүн кызматкерлери аны жакынкы милиция бөлүмгө алып барган. Ал жактан аны тинтүүгө алып, жанында алып жүргөн 65 миң рубль акчасын тартып алган. Кийин жабырлануучу Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматына кайрылган, бирок акча каражаттарын кайра кайтарып ала алган эмес. 

© Sputnik / Мирбек СакеновТуристти тоногон милиционер
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Туристти тоногон милиционер

Каракчы бийкечтер. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик исскуство институтунда иштеген мугалимди борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин алдынан тоноп кетишкен. Анда жабырлануучуну бир нече "сулуу" катуу сабап, анын кийимин чечип кеткени айтылат. 

© Sputnik / Мирбек СакеновКаракчы бийкечтер
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Каракчы бийкечтер

Окуучуну атып өлтүргөн өспүрүм. 13 жаштагы өспүрүм үйдүн балконуна чыгып алып короодо ойноп жүргөн он жаштагы окуучуну тапанча менен башка аткан. Ок жеген бала ооруканада көз жумат. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкери келгенде тапанча көтөргөн бала курал УКМКда иштеген атасыныкы экендигин билдирген. Бирок баланын атасы ал кимдики экендигин билбей тургандыгын айткан. Кылмыш иши аскер прокуратурасына өткөрүп берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0