Бишкек шаарына жакын жердеги Ленин айылында акча алмаштыруу жайы тонолду. Анын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Анда колуна курал кармаган эки киши акча алмаштыруу жайына кирип, тросту терезенин темирине байлап, аны булкуп жулгандан кийин темир ящикке салынган акчаны алып чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Тасманы активист Болот Ибрагимов интернетке жарыялап, кылмышкерлер болжол менен BMW X5 автоунаасы менен изин жашырганын жазды.
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы окуя 23-июнь күнү таңкы саат 4.00дөрдө болгонун айтты. Кол салуунун натыйжасында бир киши жабыркаган. Кошумча маалымат берилет.