Үнүң өч, адамды уктатасыңбы! Футбол күйөрмандары кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПросмотр матча ЧМ-2018 по футболу между сборными России и Египта
Просмотр матча ЧМ-2018 по футболу между сборными России и Египта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол — дүйнө элине тараган популярдуу спорттун түрү. Аны ойногондор да, күйөрмандык кылгандар да арбын. Өзү дүйнөнүн берки бурчунда турса да, тээ аркы бурчундагы командага жан үрөп, ичкен ашын таштап, түн уйкусунан калып алардын оюнун калтырбай көрүп келишет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет футболго кызыкпаган тургундардын жардамы менен футбол ышкыбоздорунун кыжырды кайнаткан учурларын тизмектеди.

Базардагы сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүң деле бир нерсе сатып аласың го! Сатуучулар кыжырды кайнатканда
Уйку бербеген күйөрмандар! Бул футбол деген немеңер күндүзү болбойт экен. Кашайып түн бир оокумда башталат. Аны күтүп көзүн кызартып отурушат. Анан жөн эле көрө берсе мейли, өзү уктабаганы аз келгенсип жанындагыларга да уйку бербейт. Эми көзүң илингенде "Го-оол!" деп үйдү жаңырта кыйкырганда жиниң менен барып телевизордун экранын ачып, өзүн ошол оюн талаасына ыргытып ийгиң келет. Акырыныраак болсо болот да туурабы? Кыйкырса эле топ эки жолу кирип кетмек беле.

Өзүң топ тээп көрдүң беле? Карап турсаң экрандын бери жагында отуруп алып эле "Тигиге ашыр, бул жакка теп. Ээк-кк… алдырдың да! Эмне эсиң ооп атат. Артыңды карабайсыңбы? Чурка" деп сүйлөнүп жаткан болот же анын үнүн угуп койсо бир жөн. Кокуй, кээде жаза баскандарды сөгүп да жиберет экен. Кызыгы өзү өмүрү топ тээп көргөн эмес. Футбол талаасына алып барып оюн бул жакта турсун дарбазаны ачып берсең да топту түз тебе албайт. Ошол жерде "Ии кандай болот экен" деп шыйракка чапсаң…

Футболчулар сага дос болуп бербейт. Достор эки башка командага күйөрмандык кылса сеники күчтүү, меники күчтүү болуп атып бири-бири менен урушуп кетмейи бар. Оюн үчүн урушат дейин десең жаш балдар эмес, чоң эле жигиттер. Анан калса башка командага күйөрмандык кылган кыздар менен мамиле түзбөй койгон жигиттерди көргөндө таң каласың. Оюнду жеке жашоого аралаштырбай эле койсо болбойбу? Ошол эле учурда оюн тууралуу социалдык тармактарга жазып, ал жактан да бири-бири менен кайым айтышып калышат. Арыдан бери болгулачы, оюн оюну менен, алар сага келип дос болуп бербейт.

Нападающий ФК Реал Мадрид Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Футбол чемпионатындагы эң келишимдүү оюнчулардын сүрөттөрү
Жеңилгенди билсеңер! Оюн өтүп жаткан стадионго барып сүйгөн командасын сүрөп турганы жакшы. Бирок жеңилип калса чычалабай эле койсо. Күйүтүнө чыдабай каршылаш команданын күйөрмандары менен жаңжалдашып, мушташууга чейин баргандарды көрөбүз. Мунусунда утулса, кийинкисинде утат да.

Досторчо сүйлөшөлүчү. Эгер алты дос айда-жылда бир чогулуп отуруп калса анын төртөө футбол ышкыбозу. Калган экөө оюнга кызыкпагандар, башкача айтканда алар Роналду шампунду, Месси чипсини жарнамалайт деп эле таанышат. Анан кыздардын жүрөк оорусу экенин билет. Анан жанагы төртөө отуруштун башынан аягына чейин футболду талкуулашат. "Тиги бул жерде минтип койду, бул оюнчуну мынчага сатып алыптыр, ал команда быйыл финалга чыкпайт" деп өздөрүнчө кобураша берет. Айда-жылда бир чогулуп аткандан кийин ал-жайды сурап, жакшы темаларды сүйлөшсө болот да.

Жаңылыктар түрмөгү
0