БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Спортчу Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Тайюань шаарында өтүп жаткан China Open деп аталган мелдеште күмүш медаль утту. Бул туурасында Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 22-23-июнь күндөрү өтүп жаткан таймашта Тыныбекова 59 килограмм салмактагылар арасында япониялык атаандаштан утулуп, коло медаль үчүн беттеште кыргызстандык балбан кытайлык спортчу Ванг Юанды 11:0 эсебинде жеңди.
Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан Айсулуу Тыныбекова (58 кг.), Мээрим Жуманазарова (75 кг.) жана Марсбек кызы Назира (55 к.) башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштосунда ат салышмак.