00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Элчилик Чыңгыз Анарбек уулуна чыккан өкүм боюнча шаардык сотко даттанат

© Фото / АГН "Москва" / Сергей ВедяшкинСуд над Анарбеком уулу Чынгызом, сбившего пешеходов в центре Москвы
Суд над Анарбеком уулу Чынгызом, сбившего пешеходов в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ райондук сот кыргызстандык таксистти эки айга камоо чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада жолдун четиндеги элди койдуруп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулуна карата райондук соттун чыгарган чечими боюнча шаардык сотко доо арызын жиберет. Бул туурасында элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-майда, Москванын Таган райондук сотунда Анарбек уулунун баш коргоо чарасы каралып, аны эки айга тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

"Кыргызстандык жаранды элчиликтин юристи Мирбек Токтошев жана адвокат Павел Березин жактап жатат. Учурда документтер даярдалууда, жакынкы күндөрү элчиликтин атынан шаардык сотко кат жолдойбуз", — деп айтылат маалыматта.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги"  коомунун төрагасынын орун басары Улан Кошматов адвокат Березинди алардын коому сүйлөшүп алып келгенин билдирди. 

Анын айтымында, Березин буга чейинки соттук иштерде да кыргыз мигранттарын жактап келген. Ал мурда өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү, прокурор болуп иштеген тажрыйбалуу адвокат экени айтылат.

Кечээ сотто жактоочулар РФтин Кылмыш кодекси боюнча эгерде адам өмүрүнө катуу зыян келбесе, кылмыш иши козголбой тургандыгын айткан.

Москвада кырсыктаган таксисттин апасы: Чыңгыз уулумду террорчу дебегилечи... - Sputnik Кыргызстан
Аба майдандагы көз жаш. Чыңгыз Анарбек уулунун апасы Москвага жөнөп кетти. Видео
Алардын пикиринде, кармалган жаран административдик тартипте жаза алышы керек. Аны камакка алуунун кереги жок. Эгерде үй камагына алынса, элчилик аны убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыз кылууга даяр.

Бирок тергөөчүлөр кыргызстандык жаран тергөө абагына киргизилбесе, ал чет өлкөгө качып кетиши мүмкүн деген жүйө келтирген. Анарбек уулу окуя болгон учурда "топтолгондор аны өлтүрүп коет" деп корккондуктан, качып кетүүгө аракет кылганын түшүндүргөн.

РФтин Кылмыш кодекси боюнча кыргызстандык жаран эки жылга камалып жана айдоочулук күбөлүктөн ажыратылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0