ИИМ аттестат берилген күнү окуучуларды катуу көзөмөлдөмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз на Старой площади Бишкека
Айт-намаз на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция ата-энелер дагы балдарына көз салышы керектигин эскертет.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ички иштер министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 23-июнда орто билим боюнча аттестат тапшырыларын маалымдап, бул күнү ата-энелерди өтө этият болууга чакырды. Мындай билдирүүнү ИИМдин маалымат кызматы таратты.

Министрлик бул күнү ар бир ата-эне баласынын жүргөн жерин аныктап, спирт ичимдиктерин ичип алып, баңгизаттарды колдонуп коомдук тартипти бузбашы үчүн аларга көз калуу керектигин эскертет. Ошондой эле балдарга автоунаа бербеш керектигин айтты.

"Урматтуу ата-энелер! Бардыгыбыздин биринчи милдет — түрдүү кырсыктардан алыс болуп, балдарга татыктуу майрам тартуулоо болуп саналат. Өз кезегинде милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап, ар түрдүү жаңжал, чыр-чатактын алдын алат", — деп айтылат маалыматта.

Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Орун жок мектеп, акча сураган жетекчилик. Баланы 1-класска киргизүү машакаты
Ички иштер министрлиги ошондой эле эгер бүтүрүүчүлөр же окуучулар тарабынан коомдук тартип бузуу катталса административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын ата-энелердин эсине салды.

Милиция, андан сырткары, балдарды коргоо боюнча мыйзамга ылайык, жаы айында — 1-июндан 31-августка чейин балдардын саат 23:00дөн таңкы 6:00гө чейин чоңдордун коштоосу жок коомдук жайларда жүрүшүнө тыюу салынарын маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0