БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири ошол жерде көз жумган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабаралашты.
"Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында Ford Focus жана Mersedes benz (Гигант) автонуаалары сүзүшүп, 49 жаштагы айдоочу каза болуп, жанындагы жүргүнчү оор жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар Ford Focus автокөлүгүнүн каза болгон айдоочусунун сөөгүн жана жаракат алган жүргүнчүсүн Кант шаарындагы ооруканага жеткирген.
Мындан эки күн мурда дагы бир кырсык болуп, 30-майда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун боюндагы Сары-Булак айылында эки автоунаа кагышып, үч киши каза тапкан.