21:41 19 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Жолдогу автоунаа. Архив

Түндө Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан үч киши каза тапты

© Sputnik / Владимир Сергеев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (380)
350 0 0

Каза болгон үч кишинин экөө эркек, бирөө аял экендиги айтылды.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун боюндагы Сары-Булак айылында эки автоунаа кагышып, үч киши каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте жол чийинден өспүрүмдү унаа коюп кетти. Видео, сүрөт
© Күбөнүн Whats App-канал аркылуу жиберген видеосу
Кырсык 30-майда саат 20:43дөр чамасына Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында болгон. Audi 100 жана Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан.

ӨКМдин маалыматында каза болгон үч кишинин экөө эркек, бирөө аял экендиги айтылды. Андан сырткары, алты киши жарадар болгон.

Куткаруучулар жарадар болгондорду унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабырлангандардын аты-жөнү жана крысык эмнеден болгондугу такталууда.

Буга чейин Бишкекте Toyota Ist жана Mercedes-Benz W222 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, наристе жабыркаган.

Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (380)

Тема боюнча

Бишкекте Mercedes менен Toyota сүзүшүп, эки наристе жабыркады. Видео
Бишкекте жеңил унаа оодарылып кетти. Кырсыктын сүрөттөрү
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, куткаруучу, ӨКМ, Нарын облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ