БИШКЕК, 30-май — Sputnik. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев ички иштер министрлигинен биротоло кетирилгендиги тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде ИИМдин коллегиясында Ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев менен Кадрлар башкы башкармалыгынын жетекчиси Болот Имангазиев алардын үстүнөн түшкөн арыздардын негизинде кызматынан убактылуу четтетилген.
"Көчөрбаевдин үстүнөн Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу жана ИИМдин катарында ишмердүүлүгүндө кетирген одоно кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын катарынан биротоло айдалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Көчөрбаев буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде УКМКнын экс-жетекчиси Абдил Сегизбаев менен ага-ининин балдары экенин билдирген.