БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте вакансия жана адистиктердин жарманкеси өтө турганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү шаардык башкармалыгы билдирди.
Иш-чара 29-май күнү саат 10.00дө Кыргыз-орус славян университетинин башкы корпусунда өтөт. Анда 4000ге чукул вакансия сунушталмакчы.
Келген элге маалыматтар, консультациялар берилет. Жарманкеге 20дан ашуун коммерциялык ишкана менен уюмдардын катышары күтүлүүдө. Негизинен мейманкана, тамактануучу жайларда иш менен бирге мамлекеттик структуралардан да жумуш сунушталат.
Кошумча маалыматты 0 (312) 43-47-70, 64-16-83 телефондору же info@btm.kg сайты аркылуу алууга болот.