БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Борбор калаадагы Айни көчөсүнүн бир бөлүгү ачылганын мэриядан кабарлашты.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Псков көчөсүнө чейинки унаалар өтүүчү бөлүгүнүн ремонту аяктады.
© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаадагы Айни көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды
Борбор калаадагы Айни көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды
Эске салсак, аталган көчөдөгү оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 23-мартында башталган.
Мэрия жаңы жасалган жол эми 5-10 жылга чейин кызмат кылат деп божомолдоодо.