Алгачкы коомдук кинокөрсөтүүлөр Кыргызстанда 1911-жылы эле башталган, агезде француз ишканасы Пишпекте "Марс" жана "Метеор" чакан кинотеатрларын ачкан. 1913-жылы Эмен паркында дагы бир — "Эдисон" кинозалы иштей баштаган, кийин анын ордуна 25 чөйчөктөн турган фонтанды курушкан. Эскилердин эскерүүсү боюнча ал жайда ошол кездеги жаш музыкант, баралына келгенде белгилүү советтик композиторго айланган Исаак Шварц пианинодо ойночу.
Мурдагы кинозалдардын баары эски имараттарда жайгашкан, ошол себептен республиканын баш калаасында 1938-жылы агездеги чоң, жаңы кинотеатрдын ачылышы калаанын маданий турмушунда көзгө урунар жаңылык болгон. Долбоордун автору дал ушул кинотеатрларды уюштуруу боюнча адистешкен Виктор Калмыков болгон. Анын долбоорлору менен 1930-1940-жылдар аралыгында СССРдин ар кыл шаарларында элүү чакты кинотеатр курулган.
Фрунзеликтер «Ала-Тоого» майрамга баргандай агылышчу. Кинотеатрга кирүү бара-бара чыныгы маданий иш-чарага айланган, себеби анда телевидение чыга элек кез эле. Көп өтпөй, согуш жаңы башталган маалда Фрунзеге Белоруссиядан Эдди Рознер жана Юзеф Скоморовскийдин джаз-оркестрлери ташылып келип, кинотеатрдын фойесинде сеанстар ортосунда жанга жагымдуу музыка тыңдап, бийге түшүп, атургай, шампандан ууртап эс алууга болор эле. Ал эми сырттан залдын ичине чейин жыты аңкып турган самса тандырда жабылчу.
Кинотеатр алгач «Авангард» аталганы ырас: индустриализация жана дүркүрөгөн курулуш жылдары баары көч башында болууга умтулушкан. Акын Жоомарт Бөкөнбаев “Ала-Тоо” деп атоону сунуштабаганда, ошол аталышы сакталып калмак беле, ким билет. Акындын демилгеси жактырылып, аталган маданий жайдын аталышы азыркыга чейин өзгөрбөй келет.
Кинотеатрдын бир башынан ал кезде дүңгүрөп турган фрунзелик "брод" (айтылуу Бродвейдин үлгүсү боюнча) Панфилов паркы жана шаардык стадионго чейин созулган. Күүгүм түшкөндө шаардык жаштар аны аралай сейилдешкен.
Кинотеатрдын анчалык көркөмдөлбөгөн кире бериши кийин 1963-жылы кайра жасалгаланган. Түндүк Кыргызстандын Россияга кошулушунун 100 жылдыгына карата сүрөтчүлөр Александр Воронин, Сабитжан Бакашев, Алексей Каменский жана Заур Хабибулин аны түстүү керамикалык сүрөт менен кооздошкон.
1976-жылы кинотеатрда балдар үчүн "Улан" залы ачылып, кичинекей фрунзеликтерди кубанткан. Анда мультфильм, балдар тасмалары, СССР элдеринин жомоктору көрсөтүлчү.
Кинотеатр шаардык тургундардын көңүлүн ээлеп алгандыктан, калаа башчылыгы Фрунзенин архитектуралык көркүнө туура келбейт деген негизде бузууга бел байлаганда алар аны коргоого чыгышкан.
Шаардыктардын аракети жерде калбай, 1981-жылы "Ала-Тоо" имаратына тарыхый жана маданий эстелик макамы берилген.
2007-жылы кинотеатрдын имараты кайра оңдолуп, жаңы жабдык орнотулган: "Ала-Тоо" тасмалар алгачкылардан болуп 3D санарип форматында көрсөтүлө баштаган. Ушул чакта кинотеатрда 344 орундуу чоң, 159 орундуу бир кичи жана ата мекендик тасмалар көрсөтүлчү эки чакан зал иштейт.
Кинотеатрдын жанында азыркыга чейин шаардыктардын сүйүктүү жайы болуп келе жаткан табигый жана архитектуралык эки эстелик сакталып калган. Биринчиси — Пишпек уездинин начальниги Александр Талызиндин короо-жайында өскөн жүз жылдык эмен багы. Экинчиси — 1952-жылы архитектор Александр Альбанский тарабынан курулган “Арашан суусу” павильону.
Пластикалык үлгүдөгү бул чакан архитектуралык композиция улуттук оймо-чийме жана салттык көркөм-кол өнөрчүлүк элементтери менен кооздолгон. Тегерек павильон ачык, көчө жакты караган тепкичи бар, жерден бир аз өйдө курулган аянтчада орнотулган. Анын бийиктиги – 7 метр, төбөсү тирөөчтөр менен кармалып, томпоюп турат. Дал ортосунда тургузулган Ольга Мануйлованын жер-жемиш табагын башында көтөрүп бараткан бийкечтин айкели павильондун көркүн чыгарып турат. Аны бака шекилиндеги майда скульптуралардан турган фонтан курчайт.
Павильон жаңы иштей баштаган жылдары бул жерде адегенде маңыз ширени, андан соң газдалган сууну кол менен куюп сатуучу айымдар отурган. Кийин ар кыл маңыз ширелер толтурулган газдалган суу автоматтары орнотулду.