БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан жардыруучу каражат табылган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.
Милиция кызматына чакыруу саат 12.30да келип түшкөн. Чалган киши ага белгисиз адам бомба коюлганын айтып, качып кеткенин билдирген. Базардын аймагы курчалып, издөө иштери үч саатка созулган. Натыйжада эч кандай күмөндүү нерсе табылган эмес.
Учурда соода жайы кадимки тартипте иштей баштады. Милицияга чалган киши изделип жатат.