БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 15-16-май күндөрү өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Шейшембиде Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында нөшөрлөгөн жаан жаашы мүмкүн.
Күндүзү абанын температурасы Чүй менен Таласта 14…19, Ош, Жалал-Абад менен Баткенде 18…23, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 13…18, тоолуу райондордо 10…15 градус жылуу болору айтылды.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ал эми нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү