Бүгүн мээрман айымдардын эл аралык күнү. Көпчүлүк медайымдын жумушун жеңил көрүп, алардын эмгегинин маанимин сезе бербейт. Sputnik Кыргызстан агенттиги Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборунун улуу медайымы Айымжан Эсенбаева менен жолугуп, бул кесиптин өзгөчөлүүлүгү, мээрман айымдардын көйгөйлөрү тууралуу баарлашты.
— Алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз? Кантип медайым болуп калдыңыз?
— Азыр 62 жаштамын. Кырк жылдан ашуун убакыттан бери медайым болуп кызмат кылам. Негизи бала чагыман бери эле дарыгер болууну, оорулуу адамдарага жардам берүүнү максат кылчумун. Тилегим орундалып, 8-классты бүтөөрүм менен Караколдогу медициналык окуу жайга тапшыргам. Үч жылдан кийин, 1974-жылы окуумду аяктап, кесибиме кириштим. Бул жаатта билим алууну дагы да улантуу пландарым бар эле. Бирок турмушка чыгып ал максатым ишке ашпай калды. Алгач Ак-Суу айылында үч жыл ооруканада иштедим. Андан соң Фрунзе шаарына келип Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборуна жумушка орноштум. Ошондон бери кырк жыл өтүптүр.
— Көпчүлүк медайымдардын жумушун оңой элестетет…
— Сиздердин кесипте кандай көйгөйлөр бар?
— Медайымдардын жумушун жеңилдетиш үчүн жалпы системаны өзгөртүш керек. Мисалы, медайымдыкты үч тепкичке бөлүү туура болот. Биринчиси, жогоку билимдүү мээрман айымдар. Алар орчундуу жумуштарды кылып, көбүрөөк жоопкерчилик алышы керек. Ошого жараша айлыгы да көбүрөөк болуусу шарт. Экинчиси, орто билимдүү медайымдар. Алар жогорку билимдүүлөрдүн жоопкерчилигинин тышындагы жумуштарды кылышмак. Ал эми үчүнчүсү бейтаптардын жанынан чыкпаган медайымдар. Оорулууну керебетте эки жакка жылдырып, суусун берип турат дегендей. Азыр бул иштердин баары санитар жана катардагы медайымдарга жүктөлүп калган. Ушундай система киргизилгенде медайымдардын иши жеңилдеп, жумушунун сапаты да бир кыйла жогоруламак.
— Медайымдардын айлык акысы канча?
— Категориясы жок мээрман айымдар 4 300 сом алат. Бирок иштеген жылы көбөйгөн сайын маяна да жогорулайт. Мисалы, экинчи категориядагыларга 900, биринчиге 1 300, жогорку категорияга 2 300 сом кошулат. Медайымдар кадимкидей сынак тапшырып, анын жыйынтыгына жараша кайсы бир категорияга өтөт. Мен 40 жылдык стажым менен айына 14 миң сом алам. Негизи эле медайымдардын социалдык маселеси жеңил эмес. Айрыкча ишке жаңы орношкон жаштарга кыйын. Алардын бары эле колунда бар үй-бүлөдөн чыккан эмес. Арасында айылдан келгендер көп. Жашай турган жери жок болгондуктан окууну бүтөөрү менен батирге чыгышат. Алган маянасынын жарымы эле ошол жакка кетет.
— Медайымдык кесибиңиз өзүңүздүн жеке жашооңузга кандай таасир берди?
— Көпчүлүк адамдар иштеген жерлерин экинчи үйүм деп коюшат го. Бизде, тескерисинче, оорукана биринчи үйүбүз болуп калган. Себеби жумуштагы көйгөйлөрдү, оорукчандардын абалын үйгө жеткенде унутуп коё албайсың. Жатсаң да, турсаң да ооруканада жасалбай калган иштериң, бейтаптар менен болгон кайгылуу же кубанычтуу окуялар эсиңден кетпейт. Башкача айтканда, жумушубуз ар дайым биз менен кошо жүрөт. Биз үчүн бул жеке жашоом, бул жумушум деп бөлүп коюу кыйын.
— Көпчүлүк адамдар мээрман айымдарга кандай мамиле кылуу керек экендигин биле бербесе керек. Негизи эле медайымдар менен бейтаптар арасында сүйлөшүү этикасы барбы?
— Союз убагы менен азыркы кездеги медайымдардын абалын салыштырып кетсеңиз?
— Ал убак менен азыркынын айырмасы өтө чоң. Учурда медайымдар үчүн эбегейсиз жеңилдиктер бар. Мисалы, азыр ийне, колкап сыяктуу бир катар медициналык буюмдарды бир гана жолу колдонобуз. Бул жугуштуу оорулардан сактайт. Мурда алардын баарын тазалап, кайрадан колдончубуз да. Экинчиден, азыр медайымдар караган оорулуулардын саны мурдагыга караганда бир топ аз. Ошондой эле бардык нерсе компьютерлештирилди. Оорулардын тарыхы, маалыматтар, анализдердин баарынын электрондук варианты бар. Мурда булардын баарын кол менен жазчубуз.
— Кандай учурда ишиңизден ырахат аласыз?
— Медайым болгусу келген жаштарга кандай кеңеш бересиз?
— Бул кесипте бөтөн адам жок. Ар бир бейтапты бир тууганың катары көрүшүң керек. Менин эмгегим аркылуу ушул адам жакшы болуп, айыгып кетет деген ишеним менен иштеш керек. Баарын дарыгерге таштап койбой, коркпостон жоопкерчиликти ала билүү да зарыл.