— Кубаныч мырза, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз. Эмне үчүн дарыгерлик кесипти тандадыңыз?
— Мен өзүм дарыгердин үй-бүлөсүндө төрөлгөндүктөнбү, айтор, ушул тармакты жактырдым. Айылдагы орто мектепти артыкчылык менен бүтүргөн соң, дароо эле Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетине тапшыргам. Коомдук иштерге жакшы катышкан активдүү студент элем. Окуу жайды аяктап, 2007-жылы Москва мамлекеттик медициналык университетинин хирургия бөлүмүнө ординатурага тапшырдым. Кийин Москва шаарынан аспирантураны аяктап, ооруканалардын биринде иштей баштадым.
— Бөтөн жерде медициналык борбор ачууга эмне түрткү болду?
— Канча адамды иш менен камсыздадыңыз?
— Медициналык борбордун эмгек жамааты 20 адамдан турат. Бардыгы болуп 18 дарыгер, эки медайым иштейт. 17 дарыгер менен эки медайым кыргыз улутундагылар. Ал эми бир дарыгерибиз орус. Алардын тең жарымы Кыргызстандан келсе, калганы Москвадагы окуу жайларды аяктаган кыргыз жаштары.
— Сиздерге көбүнчө мигранттар кайрылат деп уктук.
— Туура, бизге кайрылган бейтаптардын 70 пайызы Орто Азиядан келген эмгек мигранттары. Ал эми 30 пайызын жергиликтүү калк түзөт.
— Көбүнчө кандай оорулар менен кайрылышат?
— Эми оору адамды тандабайт эмеспи. Кыргызстандагы калк кандай оору менен ооруса, бул жактагы мигранттар деле ошондой көйгөйлөр менен кайрылат. Бирок бизге көбүнчө тишинен жапа чеккендер көп келет.
— Мигранттар менен түз иштеген адам катары айтсаңыз, учурда мекендештердин саламаттыгы кандай?
— Мурдагыдай көңүл оорутаарлык абалда деп эсептебейм. Себеби Москвада эле кыргыздар ачкан бир топ медициналык борборлор бар. Мындан улам аларды тейлөө деңгээли жогорулап калды. Бирок бул Москвадагы гана абал. Россиянын башка аймактарында да ушундай борборлор ачылса мекендештерибиз бир топ көйгөйдөн арылмак.
— Келечектеги пландарыңыз кандай? Өз жериңизге кайтып келейин деген ойлоруңуз барбы?
— Чет жерде иштеген кыргыздар сөзсүз түрдө мекенге кайтышы керек деп эсептейм. Себеби чет өлкөдө жүргөн таланттуу жаштар Кыргызстан үчүн чоң инвестиция. Өз билимибизди, тажрыйбабызды өлкөбүздө колдонушубуз керек.