00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бакен Кыдыкеевага "кайткан" Советбек Жумадылов. "Көчө" тасмасындагы таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын сүрөтү 1972-жылы Ош облусунда тартылган.

Ал жылы драматург Мырза Гапаров сценарийин жазган "Көчө" тасмасы тартылып, ага кыргыздын мен-мен деген актерлору катышкан. Кыдыкеева менен Жумадылов араздаша кеткен жубайлардын ролун жаратышкан. Тасмада Жумадыловдун каарманы Ормотой баккан короз көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан.

Ошол кезеңди фильмдин режиссеру Геннадий Базаров мындайча эскерет:

"Корозду согуштурган эпизод Ош шаарындагы базарда болгон. Жергиликтүү тургундар ага чейин эле короз уруштарын өткөрүп жүргөн экен. Мындайча айтканда, бул жагынан алар адис болуп бизди үйрөткөн. Ал эми актерлер чыгармачылыкка салып, сценарийден чыгып кеткен учурлар болгон. Бирок мыкты ойноп, көркүн ачып берген. Ал залкар адамдар менен иштешкениме азыркыга чейин ыраазымын, асыл адамдар эле. Анткени ошол мектептен чыйралгам. Башкы каарманды ойногон Чоро Дубанаев "Көчө" тасмасынан кийин таанылып, атагы алыска кетти", — деди Базаров.

Бир айылдын жашоочуларынын турмушун чагылдарган кинодо Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жанкорозовалар да роль жараткан. Фильм ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталып, жылуу кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0