Ал жылы Кыргызстанда "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамай сыйлуу конок катары Кытайдан чакыртылган.
Манасчынын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегин чоң атасы тууралуу буларды айтып берди.
"Кыргызстанга биринчи жолу 1982-жыл келген. Кийин 1992чи жана 1995-жылы да барган. Бул сүрөт үчүнчү жолу келгенде тартылып алынган. Ошондо мамлекет тарабынан ага сыйлык берилип, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышкан. Биз ошол кезде кичинекей балдар болчубуз. Кытайда жүргөндө кыргыз элине эмгеги сиңген инсандары жөнүндө сөз кылып, бизге айтып берип калчу. Атам Төлөмүш Океевди сыйлап, анын чыгармачылыгына жогору баа берчү", — деди Жусуп Мамайдын чөбөрөсү.
Сүрөт тартылып алынган жылы Жусуп Мамай манасчы 77 жашта болсо, Төлөмүш Океев 60ка чыгып Түркияда элчи болуп иштеп жүргөн.