Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Бейшемби күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө абанын температурасы 18…23 градус болсо, Таласта 16…21, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 19…24, Ысык-Көл облусу менен Нарында 14…19 градус жылуу болушу күтүлөт.

Борбор калаа менен Ошто күн ачык болуп, 21…23 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0