БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда өспүрүм балдар мушташып, жыйынтыгында бир окуучу каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Окуя 29-апрель күнү Бактуу-Долоноту айылында катталып, анда мектепти мурун бүтүп кеткен балдар менен окуучулар мушташа кеткен. Катуу алган жарааттан улам 2002-жылы туулган бала ошол жерден каза болгон.
"Эки окуучунун ортосундагы жаңжал Чолпон-Ата шаарынан алыс эмес жерде болгон. Жергиликтүү мектептин окуучусу курдашын башка чаап салган. Жыйынтыгында жаракат алган бала ошол жерден жан берген", — деп жазылат билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча мушташ кыздын айынан чыккан. Учурда курдашын башка чапкан бала кармалып, иликтөө иштери башталды.