БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош шаарынын Апсамат Масалиев проспектисинде өз автомашинасында милициянын старшинасы, Ош шаардык ИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсүнүн сөөгү табылган. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Ага ылайык, окуя 28-апрелге караган түнү саат 12:00дөр чамасында болгон.
"Кароо учурунда милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза болгону аныкталган. Машина ичинен бекитилген болуп чыкты. Кызматкердин жанынан тапанчасы табылган. Тергөөнүн алгачкы версиясы боюнча ал өзүн-өзү атып өлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Кесиптештери маркумдун бүгүн үйлөнүү тою болмоктугун айтышты.
Маркум ички иштер органдарында 2014-жылдан бери кызмат өтөп, аймактык тескөөчү кызматына жаңыдан гана дайындалганы айтылды.
Тергөө амалдары улантылууда.