БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Баш прокурордун орун басары болуп Жамиля Жаманбаева дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Өлкө башчынын дагы бир буйругу менен аталган кызматты 2012-жылдан бери аркалап келген Людмила Усманова өз арызынын негизинде бошотулду.
Кечээ, 26-апрель күнү, президент өз Жарлыгы менен баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду дайындаган.