БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы бала жоголуп, издөө салынып жатканын шаардык милициядан кабарлашты.
Окуучуну Октябрь райондун ичик иштер башкармалыгынын кызматкерлери издеп жатат.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаАлишер уулу Азамат 21-апрелде мектептен чыккан бойдон үйүнө келген эмес
![В Бишкеке пропал 14-летний Азамат Алишер уулу В Бишкеке пропал 14-летний Азамат Алишер уулу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103885/71/1038857181_0:0:720:432_600x0_80_0_0_251fe69a766207d3df31b2d356ddf22e.jpg)
Алишер уулу Азамат 21-апрелде мектептен чыккан бойдон үйүнө келген эмес
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Алишер уулу Азамат 21-апрелде мектептен чыккан бойдон үйүнө келген эмес
Милиция баланын белгилерин билдирди: бою 160 сантиметр, өтө арык, өтө толук эмес. Ак түстөгү спорттук күрмө, сары футболка, кара бут кийимчен кеткен.
Баланы көрүп, билгендер болсо (0312) 54-41-84, (0555) 10-23-09, 102 телефон номерлерине билдирүү керек.