БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Талас шаарындагы №5 мектептин 11-классынын окуучулары менен бүтүп кеткен балдардын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Талас ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, милицияга мушташ жөнүндө маалымат 23-апрель күнү түштөн кийин түшкөн.
"Окуя болгон жерге дароо эле ыкчам-иликтөө тобу барган. Жыйынтыгында ооруканага үч адам кайрылды. Алардын бири бычак жеген", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши колголду.
Алдын ала маалыматка караганда, бычак колдонулган мушташка №5 орто мектептин учурдагы окуучулары жана бүтүп кеткен балдар болуп бардыгы 5-6 киши катышкан.