Абылгазиев вицелердин милдетин бөлүштүрдү. Ким кайсы тармакты тескемекчи?

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с участием членов правительства
Рабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с участием членов правительства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеңешме бүгүн, 23-апрелде, өттү.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, вице-премьерлердин милдетин аныктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Рабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с участием членов правительства - Sputnik Кыргызстан
Премьер Абылгазиев алгачкы кеңешме өткөрүп, өкмөттү майнаптуу иштөөгө чакырды
Билдирүүгө ылайык, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов инвестиция, агроөнөр жай комплекси, реалдуу сектор жана аймактарды өнүктүрүү тармагын тескейт.

Вице-премьер Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын ишин, чек ара, өзгөчө кырдаалдар маселелерин, ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы интеграция жаатын колго алмакчы.

Дагы бир вице-премьер Алтынай Өмүрбекова социалдык блок үчүн жооп бермей болду. Ал эми премьердин төртүнчү орун басары Замирбек Аскаров финансы-экономикалык маселелер менен фискалдык саясатты көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0