БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк китеп жумалыгына карата Бишкекте "Окуган бала — гүлдөгөн Кыргызстан" акциясы башталарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири — Билим берүү жана илим министрлиги.
"Салтанаттуу ачылыштан кийин таанып-билүү жана маданий иш-чаралары болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Алар:
— "Китеп искусствосу" сынагы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо;
— Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү акын-жазуучуларынын китеп көргөзмөсү;
— Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу;
— Балдар жана чоңдор үчүн спорттук мелдештер;
— Реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын колунан чыккан буюмдар;
— Чет өлкөдөн билим алуу боюнча адистердин кеңештери берилет.