Исаков: мен саясаттан кетпейм, бирок министр да болбойм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРуководитель аппарата президента Кыргызстана Сапар Исаков
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаков өзүнүн позициясынан тайбаган саясатчы болорун белгилеп өттү.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков саясаттан кетпей турганын бирок ошол эле учурда министр катары кайтып келбестигин "Апрель" телеканалында сүйлөп жатып билдирди.

Ал өзүнүн позициясынан тайбаган саясатчы болорун белгилеп өттү.

"Мен саясаттан кетпейм, бирок министр да болбойм. Себеби премьер-министр болуп туруп иштин масштабын көрүп калдым. Бул амбиция эмес. Балким убакыт өткөндөн кийин өзүмө келип, бардыгы башкача болор. Бирок мен өз позициямды өзгөртө бербейм", — деди Исаков.

Ал ошондой эле кандай саясатчы болгусу келерин да айтты.

Заседание парламента о ситуации на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Исаков парламенттин чечимин колдогон президент тууралуу оюн айтты
"Тарыхта жакшы адам катары калгым келет. Баарын жамандап отура бербестен, сын айтсам дагы анын артынан көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштайм. Эң башкысы адилеттүү болууга аракет жасайм. Азыр болсо жүзүм жарык бойдон кызматтан кетип жатам деп ойлойм", — деди Исаков.

Ал ошондой эле жарандар чыныгы картинаны көрүп, ар бир саясатчыга сүрөттөмө берип калганы кубандырып жатканын кошумчалады.

Бүгүн, 19-апрелде, парламент Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0