БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. УКМК Ош облусунда келишим түзүү жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү мыйзамсыз ишке ашкан фактыларды аныктап чыкты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш бөлүмү "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча" мыйзамды бузган.
Ал эми 14-ноябрь күнү тендер боюнча комиссия баарынан жогорку сумманы (14,363 миллион сом) көрсөткөнүнө карабай, "Икар-А" ЖЧКсын тандап алган.
Мындан улам Ош облустук прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелери (КР кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) менен кылмыш ишин козгоду.
Иликтөө иштери уланууда.