БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин 2017-жылы 18,7 миллион рубль тапкан. Ал эми мурдагы жылкы кирешеси 8,86 миллион рублди түзгөн болчу. Бул тууралуу президенттин тапшырган декларациясына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, документте 2016-жылы көрсөтүлгөн 1500 чарчы метрлик жер тилкеси алынып салынган.
“2015-жылы президент 8,86 миллион рубль тапса, 2014-жылы бул сумма 7,654 миллион рублге гана жеткен”, — деп айтылат макалада.
2017-жылга карата көрсөтүлгөн документке таянсак, Путиндин менчигинде 77 жана 153,7 чарчы мертлик эки батир жана "ГАЗ М21", "Нива" унаалары бар.