Сузактагы Кара-Дарыяга жеңил автоунаа кулап, үч киши каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы Достук айылында Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткенин ӨКМ билдирди
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Достук айылында Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткенин ӨКМ билдирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, 2017-жылы туулган ымыркай ооруканадан чарчап калган

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Достук айылында Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен жеринде эки адам каза болуп, 2017-жылы туулган наристе ооруканада чарчап калган", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, бир аял менен эркек киши райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Жалал-Абад шаардык куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0