Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы көтөрүлүп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 22…27 градус жылуу болот. Ал эми Ысык-Көл менен Нарын облусунда 17…19 градус жылышы күтүлүүдө.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 25…27 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0