БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматы студенттер, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана жаштар үчүн бош жумуш орундары үчүн жарманке өткөрөт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Жарманке 11-апрелде саат 10:00дө Кыргыз улуттук университетинде болуп, Дания, Түштүк Корея, Япония, Германия, Чехия, Түркия, Россия, Бириккен Араб эмирлиги жана Катар мамлекеттеринен иш табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мамлекеттик миграция кызматы жумуштардын басымдуу бөлүгү мейманкана, ресторан, дүкөн, фабрикаларда экенин белгиледи.