ОШ, 27-мар. — Sputnik. Ош шаарында таксист болуп иштеген 25 жаштагы Алишер Тажибаевди өлтүрүүгө шектелген эки аскер кызматкери өмүр бою абакка кесилди. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эске сала кетсек, 2017-жылы 11-август күнү саат 22:30 чамасында Ноокат районунун Ак-Терек айылынын Кескен-Бел аймагынан 20-25 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылган.
Осмонкуловдун айтымында, алгач бул иш Ош шаардык сотунда каралып, айыпталуучулардын бири 25 жылга, экинчиси 22 жылга эркинен ажыратылган.
Соттун өкүмүнө нааразы болгон жабырлануучу тарап Ош облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылган.
"Ош облустук соту айыпталуучуларды Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-8-19-пунктулары боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Айыпталуучу мурунку аскер кызматкери 1995-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал аскер бөлүктөрдүн биринде мээлегич-оператор болуп келишимдик негизде кызмат өтөп жүрүп, кызмат ордун таштап кеткен. Экинчи айыпталуучу 1996-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган. Аскер бөлүктөрдүн биринде айдоочу болуп келишимдик негизде кызмат өтөгөн", — деди Осмонкулов.
Эркинен ажыратылгандар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөмөкчү. Мындан тышкары жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө 693 миң 901 сом материалдык, 1 миллион сом моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилди.