БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Стамбул шаарында "Маданияттар диалогу — Чыңгыз Айтматовдун мурасы" деген аталыштагы жыйын болгондугун Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жарыялады.
Жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чараны "Россия – Ислам дүйнөсү" стратегиялык тобу, Ислам тарыхын, маданият жана искусствосун изилдөө борбору (IRCICA) жана Түркиянын жазуучулар союзу уюштуруп жатат.
Аталган топ Айтматовдун жаркын элесине арналган бир нече иш-чараларды өткөргөн.