БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Борбор калаанын айрым аймагы 26-март күнү жарыксыз кала турганын "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.
Электр энергиясы шаардын төмөнкү бөлүктөрүндө болбойт:
9.00дөн 13.00гө чейин Калык Акиев, Садыков жана Махатма Ганди көчөлөрү;
9.00дөн 17.00гө чейин "Дордой" жаңы конушу;
9.00дөн 18.00гө чейин Можайский, Щербаков, Кызыл-Кыя көчөлөрү;
10.00дөн 17.00гө чейин Ибраимов, Токтогул, Шопоков жана Киев көчөлөрү;
14.00дөн 17.00гө чейин Махатма Ганди, Чокморов, Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрү.
Адистер оңдоо иштери менен алек болот.