БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Китеп дүкөнүнөн сейф уурдаган олдоксон ууруну Twitter социалдык тармагынын колдонуучуларын шылдыңга алды.
Melbourne CIU are investigating a burglary at a Melbourne book store last week. Probably not the nimblest burglar we've seen. Read more ► https://t.co/S7wDDImCTD pic.twitter.com/jUzZ6Rn6ys
— Victoria Police (@VictoriaPolice) March 18, 2018
Виктория штатынын полициясынын маалымат кызматы кабарлагандай, Мельбурн шаарында эркек адам китеп дүкөнүн тонойм деп эшигине кыпчылып калган.
Жашыруун камера тартып алган видеодо көрүнүп тургандай колуна кагаз стакан кармаган ууру дүкөнгө кире албай же айнек эшиктерден сумкасын сууруп ала албай убара болгон. Ичине эптеп кирген адам алдыңкы кабатка түшүп баратып эскалатордон секирип өтөм деп да жыгылып түшкөн.
Соцтармак колдонуучулары олдоксон ууруну шылдыңга алып бири ууруга экзаменге даярданыш үчүн китеп керек болгон го деп күлсө, айрымдары анын "стакандагы кофесин" төкпөгөндүгүнө баа беришкен.
Ал эми полиция кызматкери кылмышка шектүү адамдын сүрөт жана видеосун жарыялап, аны табууга жардамдашууну суранган.