БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кытайдагы Цинхай провинциясынын полициясы байыркы көрүстөндөрдү казып, ичиндегилерди уурдап жүргөн деп шектелген 13 кишини кармады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Алар өткөн жекшембиде Хайси-Монгол-Тибет автономдуу округундагы Дулан уездинде кармалган. Көр казгычтар тарыхый көрүстөндөрдү тинтип, уратып, андан 400 баалуу артефактыларды алып чыгышкан. Бул жайлардын VII жана VIII кылымга таандык экендиги маалымдалган.
Дулан уездинде Тан (618-907-жылдар) династиясынын дооруна таандык эки миңге жакын көмүлгөн жайлар катталган. 1982-жылы аталган аймактан алтын, күмүш жана коло артефактылар казылып, уурдалгандыгы боюнча маалымат жайылгандан бери бул жерге көз арткандардын аягы тыйылбай келет.
Буга чейин Египеттин Луксор шаарында 3500 жыл болгон эки күмбөз табылган.