БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Анжиандагы суу каналга түшүп кеткен Daewoo Nexia машинасынын ичинен айдоочунун сөөгү табылганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.
Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, маркум кыйнап өлтүрүлгөн.
Каза болгон жарандын тууганы ал ишке кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.
Укук коргоо органдары кылмышка шектүү катары Бештол айылынын 24 жаштагы тургуну менен Ош облусунун 23 жаштагы жашоочусун кармаган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.