БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ош облусу боюнча жер көчкү түшүү коркунучу жогору аймактарда жашаган 627 үй-бүлө убактылуу жайга көчкөн. Анын 588и туугандарыныкында, 39 үй-бүлө ӨКМ берген чатырлард жашоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда 306 чатыр жеткирилип, 263ү тигилди.
Ал эми Жалал-Абал облусунда Аксы, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жашаган 254 үй-бүлө убактылуу туугандарыныкына көчүрүлдү.
Облус боюнча жалпы көчүрүлүүгө тийиш 1861 үй-бүлө бар болсо, анын ичинен 948и жер тилкесин жана ссуда алган. Бирок коопсуз аймакка көчкөн эмес. 913 үй-бүлө жер тилкесин алууга кезекте турат.
Министрлик жергиликтүү бийлик менен жер көчкү түшүү коркунучу жогору аймакта жашагандарды коопсуз аймактарга көчүрүү аракеттерин улантып жатат.