БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жамааты "Ырчылардын ыры менен чыры" аттуу өзгөчө программадагы концертин тартуулайт. Бул тууралуу филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу билдирди.
Анын айтымында, иш-чара Нооруз майрамына карата 20-21-март күндөрү улуттук филармониянын чоң залында уюштурулат.
"Улустун улуу күнүндө филармония жамааты элге ыр-майрам тартуулабай койсо болбойт да. Концертте ырчылардын сахна артындагы жашоосу театрлаштырылып көрсөтүлүп, Эл артисттери, эмгек сиңирген артисттердин жагымдуу ырлары тартууланат", — деди Зайнидин уулу.
Концерт кечки саат 18:30да башталат.
Нооруз майрамына карата Ош шаардык мэриясы да кароо-сынак жарыялаган. Шарт-талабы бул жакта.