Ош шаардык мэрия Ноорузга карата кароо-сынак жарыялады. Шарт-талабы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарында нооруз майрамын майрамдоо. Архив
Ош шаарында нооруз майрамын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар "Улуттук бий", "Элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү", "Улуттук кийим", "Манас айтуу", "Салттуу ырлар", "Боз үйдү ыкчам тигүү" сыяктуу кароо-сынактар боюнча ат салышат.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Ош шаардык мэриясы Нооруз майрамына карата кароо-сынак жарыялады. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, катышуучулар "Улуттук бий", "Элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү", "Улуттук кийим", "Манас айтуу", "Салттуу ырлар", "Боз үйдү ыкчам тигүү" сыяктуу кароо-сынактар боюнча ат салышат.

"Ар бир кароо сынак ар башка күнү өткөрүлөт. Алсак улуттук бий боюнча сынак 16-март күнү саат 09:00дө Ош МУнун искусство факультетинде өтөт. Ал эми элдик кол өнөрчүлөр 21-март күнү башкы аянттан тандалса, "Манас айтуу" сынагы 12-март күнү "Келечек" балдар чыгармачылык борборунда уюштурулат. 19-март күнү улуттук кийим жана салттуу ырлардын мыктылары тандалса, боз үйдү ыкчам тиккендер майрам күнү башкы аянтта тандалат", — деп жазылат маалыматта.

Жобого ылайык, документтерди кабыл алуу Ош шаарынын маданият башкармалыгында жүргүзүлөт.

Сурап билүү телефондору: (03222) 4 – 81-33, 4-81- 34, 0771-033-990, 0774-74-52-52, 0558-70-77-84, 0779-17-20-37, 0770-00-00-38.

Жаңылыктар түрмөгү
0