БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Facebook баракчасындагы "Черный список" тайпасына Токмоктогу төрөтканада жаңы төрөгөн аялды реанимацияга эмес, катардагы палатага чыгарып ал жактан грелкадан күйүп калганы жазылган.
Учурда аял Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Борбордун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, аял бир жумадан бери дарыланууда. Жакында чыгат.
"Аялдын денеси күйгөн, бирок жараты олуттуу эмес. Өмүргө коркунуч туудурбайт", — деди Жумабеков.
Токмок аймактык ооруканасынын директору Бактыгүл Исаева жагдай боюнча буларга токтолду.
"Окуя 5-февралда болгон. Аялга кайрадан операция жасалган. Анын жүлүнүнө анестезия жасаганбыз. Ал дененин белден ылдыйкы бөлүгүн бир нече убакытка чейин эч нерсе сезбеген абалга алып келет. Операциядан кийин чыйрыкканын айтканда медайым бөтөлкөгө ысык суу куюп келип жалаякка ороп аялдын алдына койгон. Бул учурда кызматкерлер дагы үч төрөттү кабыл алгандыктан аны караганга киши болгон эмес", — деди Исаева.
Өлкөдөгү төрөт үйлөрүндө эне-балага кызмат көрсөтүү кандай экенине министр жооп берди.