БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкектин Токтогул, Шопоков, Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ берүү үзгүлтүккө учурай турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 13-14-март күндөрү болбойт.
Ишкана мындай кадам оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринен улам жасалып жатканын белгиледи.