БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Австралиялык Жейд Лоуренс аттуу аял өзүнүн кош бойлуу экенин төрөткө 15 мүнөт калганда билди. Бул тууралуу The Daily Mail агенттиги жазды.
Макаладагы маалыматка караганда, аял акыркы мүнөттөргө чейин ичинин ооруп жаткан себебин сокур ичеги илдетине байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп келген. Ооруканага жолдошу алып келген келинди карап чыккан дарыгерлер анын кош бойлуу экенин айтышкан.
Woman who thought she had a burst appendix gives birth to a healthy baby boy just MINUTES after finding out she was pregnant https://t.co/WncJVKRuod
— #aupol news (@AupolNews) 6 марта 2018 г.
"Мен күйөөмө аябай кыйналып жатканымды айтып ыйладым. Ал болсо сокур ичеги болуп жаткандыктан курсагым шишип кетти деп ойлоду", — деп айткан Лоуренс.
Келин ооруканага киргенине 15 мүнөттөй убакыт өткөндө уул төрөгөн.
Белгилей кетсек, бул жубайлардын экинчи баласы экен. Акыркы айларда эле кош бойлуулукту текшерүү тууралуу тесттен эки ирет өтүп, бойдо жок деген жооп алган үй-бүлө шок абалынан чыга албай жаткан кези.