БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Арча-Бешик конушунун тургундары алардын көчөсү былтыр жайда казылып ошол бойдон турганын айтып, даттанууларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жиберишти.
Ага ылайык, "Газпром Кыргызстан" компаниясы былтыр жайында Түштүк магистрал аймагына жана Дооронбек Садырбаев (мурдагы Бах) көчөсүнө газ тартып келүү аракеттерин көргөн. Казылган аңдар толтурулбагандыктан таза суу барган куурлар сууктан улам тоңуп, тургундар ичүүчү суусу жок калышкан.
"Балдар бир нече квартал алыска барып суу ташып жатышты. Өткөндөгү катуу сууктан куурлар тоңуп калган", — деген пикирин жергиликтүү тургун билдирди.
Ага ылайык, конушка газ алып баруу иштери 2017-жылы башталып, аталган аймак 9 аймакка бөлүнгөн.
"Учурда эки аймакта иштер улантылып, аяктоо алдында турат. Бардык иштер аяктагандан кийин жогорудагы көчөлөр калыбына келтирилет", — деп компаниядан билдиришти.
Иш качан толук аяктай турганын такташкан жок.