БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктаганын мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.
"Кыргызстандын достук салттарына, маданий жана руханий жалпылыкка негизделген кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө зор маани берет. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми бир тууган түрк элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм", — деп айтылат телеграммада.
Эскерте кетсек, Эрдоган 1954-жылы 26-февралда Стамбулда жарыкка келген. 2010-жылдан бери Түркиянын президенти.